Новости Проект EASST

Бишкекте жол коопсуздугу боюнча талкуу өттү

13-октябрда Бишкекте жарандардын жана анын ичинен балдардын жол коопсуздук, мектептердин айланасындагы жол коопсуздук маселеси боюнча талкуу өттү. Аны уюштурушкан: Кыргызстандагы “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси, Улуу Британиядагы “FIA” фондусу жана EASST же “Коопсуз жана туруктуу транспорт үчүн Чыгыш Альянс” уюмдары болушту. Ага тиешелүү мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, эксперттер жана журналисттер катышты.

Иш-чарада борбор калаадагы мектептердин айланасында ишке ашырылып жаткан жол коопсуздугу боюнча иштер көрсөтүлдү. Анда “Жол коопсуздугу” КБ директору Чынара Касмамбетова “EASST” жана “FIA” фондунун колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлор менен тааныштырды.

«2021-2022 жылдары Бишкек шаарындагы № 5 жана 67 мектептер менен иштешти, № 96, 42, 32 мектептердин жанында ылдамдыкты 30 км/саат чектөө боюнча пилоттук долбоор киргизилди. “Коопсуз жол” Фондунун (SRF) М. Вудфорддун каржылык колдоосу менен шаар тургундарына жана мектеп окуучуларына ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алар: № 8, 48 жана 61 мектептерде жакын жайгашкан Малдыбаев-Ахунбаев, Московская — Бейшеналиева, Жаш Гвардия — Рыскулов» кесилиштеринин модернизациялоо. Бул кесилиштер статистика маалыматына таянып тандалган — деди ал.

Ал эми “FIA” фондусунун Программалар боюнча директору Агги Краснолуцка Дүйнө боюнча жол кырсыктары 5 жаштан 18 жашка чейинки балдардын жана жаштардын өлүмүнүн негизги себеби экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ал ар бир бала мектепке коопсуз барууга жана эркин саякаттоого татыктуу экенин кошумчалады.

«”FIA” фондунда биз ар бир бала мектепке коопсуз жана дени сак саякаттоого татыктуу деп эсептейбиз. Ошондой эле, жакшы шартты түзүү үчүн балдардын ден соолугун коргоо демилгеси аркылуу Бишкектеги бул маанилүү ишти колдоого кубанычтабыз. Биз негизги өнөктөшүбүз “EASST” жана Кыргызстандагы “Жол коопсуздугу” уюмунун ишине ыраазычылыгыбызды билдиребиз», — деди Краснолуцка.

EASST “Коопсуз жана туруктуу транспорт үчүн Чыгыш Альянс”тын директордун орун басары Эмили Карр 15 өлкөдө жол коопсуздугу боюнча иштегендерин жана негизги максат — келечектеги муундар үчүн жол кыймылын коопсуз, жашыл жана туруктуураак кылуу экенин айтты.

Кыргызстандын жолдорунда жол кырсыгынан каза болгондордун жана жаракат алгандардын масштабы экономикага ИДПнын болжол менен 3,7%ын түзөт. Жол кырсыгынын негизги курмандыктары жөө жүргүнчүлөр болуп саналат. Алар кырсыктардын 44%ын жана каза болгондордун 34,5%ын түзөт, анын ичинен 22%ы 16 жашка чейинки балдар болуп саналат.

Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл башынан берки алты айда үч миңден ашуун автокырсык катталып, анын 820 учурунда балдар жабыркаган. Жол кырсыгынан жалпы 269 адам каза тапкан, анын 38и балдар.

Источник: kutbilim.kg