Видео материалы:

Конкурс "Веселый светофор"

"Адам бол"

Опрос

Нужно ли повышать штрафы за нарушение ПДД в 2017 году?
 

Наши партнеры:

 

Эссе Мээрим Кайыпсагын ''О тебе''

Сен жөнүндө (Апама кат)

Ар бир октябрдын 21де күндөлүгүм менен бирге келип, экөөбүз сүйгөн паркка келип отурам. Бул жылы да дал ошондой кылдым. Канча аракеттенсем да, сенин жүзүңдү так элестете албай баратам. Эски үйгө келип, жылмайып түшкөн сүрөттөрүңдү карап, сени эскерүүгө батына албайм, мен үчүн ал оорго турат. Убакыт жарааттын айыктыруучусу дешет, бирок 8 жылдын жүзү болсо дагы менин жүрөгүмдөгү кара так толугу менен кеткен жок.

Сени чын дилимден, чын жүрөгүмдөн, бүткүл турган турпатым менен сагынам. Сенсиз, апаке, мурда эки күн жашай албасам, азыр сегиз жыл бою өмүр сүрүп келем. Бирок, кантип? Көчөдөн сага окшош апаларды көрүп калсам, артынан барып, бекем кучактап өпкүм келет, бирок алар сен сыяктуу мээримдүү, жароокер, сулуу эмес. Кыздар энелерин колтуктап бирге сейилдешсе, сени менен да чогуу басууга эки көзүм төрт болуп, кыялданып аларды карап кала берем. Досторумдун энелеринен да сени издей берем, бирок эч таппай келем. Дүйнөдө сага теңдеш эч бир жан жок болсо да, ачуу чындыкты аңдагым келбейт. Элдер мени күчтүү адам деп эсептешет, бирок алар жашоомдогу сен калтырып кеткен боштуктун канчалык орду толгус экендигин сезишпейт.

Жашоом «Чейин» жана «Кийин» болуп экиге бөлүнүп калгандай. Сен барда, сенин ак сүтүңдү актап, сени бактылуу кылып, сен мени менен сыймыктанышың үчүн бардык күч-аракетимди жумшасам, азыр жөн гана күн өткөрүп жаткандаймын. Бирок, сенин бардык кыялдарыңды орундатайын деп, студент болдум, жогорку окуу жайды артыкчылык менен бүтүрдүм, ал түгүл магистратура даражасы да бар. Сен каалагандай, жыл сайын чет өлкөлөрдү кыдырып турам. Мыкты жигитти жолуктуруп, жайында турмуш курганы турам. Бирок, апаке, эң бир мени өкүндүргөнү – жакшылыгыма, бактыма сен күбө болбой калганың.

Жолду кесип өтүү азыркыга чейин мага оор сыноо. Кайсы бир ММКдан жол кырсыгы тууралуу жаңылык угуп калсам, адатынча жүрөгүм «болк» дей түшөт. Жакынын жоготкон үй-бүлөнү эстеп, жүрөгүм бир нече бөлүккө бөлүнүп айрылат. Ошондо мындан 8 жыл мурда үйүнө келип, апасын таппай карайлап калган кичинекей Мээрим эске түшөт. Бир күн бою апасын издеп, көчө, оорукана, ар кыл ИИМ имараттарын кыдырып издеп, акыры өлүкканадан бир көзү, ички органдары жок, буту сынган, арык жана жансыз денени көрүп, «апам болбосо экен, Жаратканым, бул апам эмес дечи?» деп эс-учун жоготуп боздогон секелек кыз көз алдыма тартылат. Ошондо, тамтыгы жок жүзүңдөн араң көрүнгөн жалгыз көзүңдө жүрөктү сыздаткан аяныч, мага айталбай калган акыркы сөзүң жазылган эле. Дүнүйөм куурулуп кетти. Жалгыз калтырып кеттиңби? Бул дүйнөдө экөөбүз гана элек го, эми мени ушунча чоң дүйнөгө кимге тапшырып кеттиң?

Андан кийинки окуялар биринин артынан экинчиси болуп жатты. Бирок баары маанисиз сыңары. Бир гана таңкы 06.40 та сени машина менен уруп кеткен кишинин көзүнө карагым келди, ал кишини таап, сенин акыркы сөзүңдү уккум келди. Болгону, эң акыркы жолу сени тирүү көргөн киши менен сүйлөшкүм келди. Бирок мени курчаган ошончо чоң кишилердин арасынан бириси да мага ал кишини көрсөтүшпөдү. МАИ кызматкерлеринин айтуусу боюнча, ал киши Алматыга шашып баратып, аялдамада турган апамды көрбөй калып уруп кеткен. Күнөөкөрдүн аты-жөнү, машина номери жана анын туулган жылы эсимде өчпөс тамгалар менен жазылды. Ошондо, эки күнгө апамды жалгыз калтырып кеткен өзүмдү, байкабай бирөөнүн «карманар тоосун» уруп кеткен ал күнөөкөрдү, жарым саат кечигип келген тез жардам кызматкерлерин жана бул апаатка тоскоолдук кылбаган Кудайды айыптап, боздодум. Бирок, кырдаалды өзгөртө албасым белгилүү эле. Сен кеткен соң, жашоом түп тамыры менен өзгөрүлдү. Адилетсиздик, кыйынчылык, чыккынчылыкты жашоомдо көп кездештире баштадым.

Адамдарды ортого салып жатып, тиги айдоочунун иши сотко жеткен жок, ортомчулар мени алдап кол койдурганга да жетишти. Бир гана сенин өмүрүң 100 миң сомго бааланганы мени капалантты. Тоок урдап же коррупция менен кармалгандар мындан көп акча төлөшсө керек. Берилген акчанын бардыгын туугандар сөөк коюуга деп алышты. Ал дагы эчтеке эмес, бирок апамды урган кишини мага эч көрсөтпөй коюшту. Аттиң, арманда калдым.

Ошентип, мындан үч ай мурун мени сегиз жол бою түйшөлткөн суроого жооп алдым. Жаным жай таба албай издеп жүргөн, көптөн күткөн суроомо жооп алдым. Ошол күнү кечинде фейсбукта отуруп, баягы сенин өлүмүңө себепкер кишини издеп көрөйүн деп, окшошураак келген бирөөсүнө кат жөнөттүм. Көп өтпөй ал кишиден жооп келди. Ички туюмум алдабаптыр, дал мен издеген киши болуп чыкты. Ал адам да тажабастан ар бир суроомо жооп берип, бардык нерсени өз ордуна койду. Чындыгында, окуя мен уккандай эмес болуп чыкты. Ал киши Range Rover үлгүсүндөгү унаанын каалгасы менен апамды сүрүп кеткенде, экинчи полосага ыргып түшүп, караңгыда келе жаткан башка унаа уруп кеткен экен. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы, жолду чуркап өтүп бара жаткан аял, катуу айдап келе жаткан башка бир айдоочу, бөөдө кырсык. Жүрөгүм чындап жеңилдей түштү. Башка бирөөнү күнөөлөбөй, бөөдө кырсыкка моюн сунуп, реалдуулук менен жашап калдым.

Апаке, кээде сени өтө сагынганымда түшүмө кирип каласың, баягыдай эле жүрөгүң өтө таза, периште сымал, ар кимге жардам берип жүрөсүң. Мен сени түштө көрсөм да, кубанычым койнума батпай, артыңан сая түшүп кубалайм, бирок жетпей келем. Ойгонуп, эрдимди кесе тиштейм, анткени сен дагы эле жоксуң жанымда.

Сенин ар бир айткан сөзүң, насаатың күнү бүгүнкүдөй эсимде. Анда Аламедин базарындагы туалеттердин бирин жууп иштеп жүрдүң, күндө окуудан кийин келип жардамдашчу элем. Бир күнү сен таптаза кылып жууган жерлерди кардарлар кайра тез эле кир кылып салышат, сен кайрадан мизилдетип чыгасың, мындай кырдаал бир нече жолу кайталанат. Ошондо өзүмдү кармай албай, элдерге кыжырым келгенде сен: «Кызым, ар бир жумуш татыктуу, кызматыңды чын дилиңден, бардык аракетиң менен, элге пайда келтирүү үчүн аткарышың керек» деп айтканын жүрөгүмдө өмүр бою сакталып калды. Мени беш жашымдан баштап эмгектенүүгө үйрөттүң.

Сен менин жашоомдо он сегиз жыл гана болсоң дагы, чыныгы патриот, жароокер, боорукер, айтканын аткарган, оптимист, жоопкерчиликтүү, тайманбас, мээримдүү, кыраакы, билимдүү, максатына жете билген кызды тарбиялап өстүрдүң. Эми мен экөөбүздүн кыялыбызды сатпайм, экөөбүз үчүн жашайм, татыктуу жашоо үчүн чын дилимден күрөшөм. Апаке, сенин бейиштин төрүнөн орун алганыңа ишенем!

 

Добавить комментарий


Защитный код
Обновить

Все права защищены © 2012 | Общественное Объединение «Дорожная Безопасность»

Разработка сайта:
Студия «Novel»